Ссылки доступа

"Верстка": Орусиянын "чет элдик агенттер" тизмесине киргендердин көбүн журналисттер түзөт


Орусиянын "чет элдик агенттер" тизмесине киргендердин 40% ашыгын журналисттер менен ЖМК өкүлдөрү түзөт. Бул тууралуу "Верстка" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, тизмедеги 274 кишиин 112син журналисттер түзөт.

"Чет элдик агенттер" тизмесинде көптүгү жагынан экинчи орунда саясий жана жарандык активисттер турат. Алардын тизмедеги жалпы саны 33 кишини түзөт.

Басылма белгилегендей, 2022-жылы "чет элдик агенттер" тизмесине киргизилген музыканттар, актерлор, сүрөтчүлөр жана жазуучулар кескин көбөйгөн. Бүгүнкү күндө алардын жалпы саны 26ны түзөт. Тизмеде ошондой эле 25 оппозициячыл саясатчы бар – алар Мамдуманын мурдагы депутаттары жана саясий кыймылдардын лидерлери.

Мындан тышкары "чет элдик агенттер" тизмесинде блогерлер (18), укук коргоочулар (13), саясат таануучулар (12), окумуштуулар (12), юристтер (9), ишкерлер (9), аскердик эксперттер (2) жана диний ишмерлер (2) бар.

Буга чейин "Коммерсант" басылмасы Орусиянын Юстиция министрлигинин баяндамасына таянып, 2022-жылы "чет элдик агенттер" тизмесине киргизилген жеке жана юридикалык жактардын саны кыйла көп болгонун жазган. Мекеме бул тизмеге 2022-жылы 188 адамды киргизсе, 2021-жылы ал көрсөткүч 108 кишини түзгөн.

Ошондой эле 2022-жылы орус соттору "чет элдик агенттерге" белгилеген айып пулдардын суммасы 60 эсеге өскөн: 2021-жылы аларга 3,8 миллион рубль айып пул салынса, 2022-жылы бул көрсөткүч 228,6 миллион рублге жеткен.

Орусияда "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" мыйзам 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

"Система" журналистинин кантип "чет элдик агенттердин" тизмесине кирип калуу мүмкүн экендиги жөнүндөгү пикири:

XS
SM
MD
LG