Ссылки доступа

Forbes рейтинги: Назарбаевдин кызы менен күйөө баласынын байлыгы көбөйдү


Америкалык Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине алты казакстандык киргизилди. Алардын ичинен төртөө өткөн жылы байлыгын арттырууга жетишкен. Миллиардерлердин арасында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кызы жана күйөө баласы Динара менен Тимур Кулибаевдер да бар.

Forbes журналынын маалыматы боюнча Кулибаевдердин жалпы байлыгы 10 миллиард долларды түзөт. Быйыл алар миллиардерлердин тизмесинде 612-катарда жайгашты.

Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин таасири азайып, жакындары жогорку кызматтардан кол жууган. Ага карабай Кулибаевдер капиталын көбөйтүп, байлыгын бир жарым миллиард долларга көбөйтүштү. Америкалык басылманын өткөн жылдагы эсебинде жубайларда 8,6 млрд доллар болгон.

57 жаштагы Тимур Кулибаев менен 56 жаштагы Динара Кулибаева Казакстандагы эң ири коммерциялык банкты көзөмөлдөйт. "Халык банк" үй-бүлөнүн эң баалуу байлыгы деп эсептелет. Кулибаевдердин бизнеси көп тармактуу – мунай өндүрүү, курулуш жана соода тармагын камтыйт.

Forbes рейтингинде Казакстандын эң бай адамы катары Вячеслав Ким турат – 443-орунда. Kaspi каржы компаниясынын негиздөөчүсү жана Kaspi Bank директорлор кеңешинин төрагасынын байлыгы 6,4 млрд доллар деп эсептелген. Анын байлыгы бир жылда 2,8 млрд долларга көбөйгөн.

Forbes журналынын рейтингинде биринчи орунда LVMH тобунун башкы директору Бернард Арно (233 миллиард доллар) турат. Арно ондогон люкс бренддерге, анын ичинде Louis Vuitton мода брендин жана саат чыгаруучу Tag Heuer компаниясына ээлик кылат.

Экинчи орунда Tesla ээси Илон Маск (195 миллиард доллар), үчүнчү орунда Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос (194 миллиард доллар) турат. Төртүнчү орунду Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг (177 миллиард доллар) ээледи.

Миллиардерлердин тизмесинде 2781 адам бар, бул былтыркыдан 141ге көп. Алардын жалпы байлыгы 14,2 триллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу эки триллион долларга жогорулады. Тизмедегилердин үчтөн экиси өз капиталын көбөйтсө, төрттөн биринин байлыгы азайды.

Миллиардерлердин саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарда 813 америкалыктын байлыгы миллиард доллардан ашат (алардын активдери 5,7 триллион доллар).

Кытай (анын ичинде Гонконг) 473 миллиардер менен экинчи орунду камсыздады.

Үчүнчү орунда 200 миллиардер менен Индия турат.

XS
SM
MD
LG