Ссылки доступа

Орусияда "Яндекс.Еданын" курьерлери беш күндүк иш таштоо жарыялашты


Москва жана Санкт-Петербург шаарларында айлыкты жогорулатууну талап кылган "Яндекс-Еда" сервисинин курьерлеринин беш күндүк иш таштоосу башталды. Бул тууралуу "Курьер" кесиптик кошууну өзүнүн телеграм-каналына жазды.

Маалыматка караганда, 20-декабрдан 25-декабрга чейин "Яндекс.Еданын" 600дөн ашык курьери жумушка чыкпай коюшу мүмкүн. Иш таштоодон сырткары аларга "Яндекстин" өнөктөштөрүнө басым кылуу үчүн "ресторандардын кассаларын бөгөттөп, кезекти көбөйтүү" да сунушталган.

Курьерлер айлыкты жогорулатуудан тышкары эмгек келишимдерин түзүүнү, айып пулдардын системасын кайрадан карап чыгууну жана жөө курьерлер үчүн жеткирүү зонасын эки чакырымга чейин азайтууну талап кылууда.

Ошол эле маалда "Яндекс.Еданын" басма сөз кызматы "Коммерсант" басылмасына сервис кадимки режимде иштеп жатканын, курьерлерден эч кандай даттануу болбогонун билдиришкен.

"Курьер" кесиптик кошууну 2020-жылы июнда, Delivery Club'дын ондогон курьери эмгек шарттарынын начардыгына, жапыр иштен кетирүүлөргө жана негизсиз айып пулдарга каршы нааразылык билдирип чыккандан кийин түзүлгөн.

Быйыл апрелде Москва соту кесиптик кошуундун төрагасы Кирилл Украинцевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Сот аны митинг өткөрүү тартибин бир нече жолу бузууга күнөөлүү деп тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, Украинцев курьерлер менен такси айдоочуларын эмгек укуктарынын бузулушуна каршы нааразылыктарга чыгарууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG