Ссылки доступа

ТИМ кыргызстандыктарга Орусияга барбай турууну сунуштады


Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жарандарына жүйөлүү себептер болбосо Орусияга барбай турууну сунуштады.

ТИМдин 2-майда жарыяланган билдирүүсүндө Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кыргызстандыктар массалык түрдө Орусиянын аймагына киргизилбей жатканы боюнча кайрылуулар түшпөгөнү белгиленген.

"Ошону менен катар министрлик Орусияга барууга жүйөлүү себептери жок мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин бул өлкөнүн аймагына баруудан убактылуу баш тартууну, эгер Орусияга баруу керек болсо, алдын ала бул өлкөгө кирүүгө чектөө бар-жок экенин текшерип алууну дагы бир жолу сунуштайт", – деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Тажикстандын ТИМи да өз жарандарына ушундай мазмунда кайрылуу жасап, Москва аэропортторунда тажикстандыктар жапырт түрдө токтотулуп, Орусияга киргизилбей жатканын билдирген.

Орусияда жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин ксенофобиянын жаңы талкунуна кабылууда. Бул кол салууга шектүү катары кармалгандардын көбү Тажикстандын жарандары экени айтылган.

XS
SM
MD
LG