Ссылки доступа

Чек арадагы атышуу: Тажикстан Ворухтагы жарандарын эвакуациялай баштаганы айтылды


Тажикстан Ворух анклавындагы жарандарын эвакуациялоого киришти. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Баткен облусунун администрациясына шилтеме жасоо менен билдирди.

"Таң эрте Ворухтагы Тажикстан жарандарынын эвакуациясы башталды", - деп билдирген Баткен облустук администрациясынын өкүлү.

14-июнда Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында таңга жуук ок атылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген:

"14-июнь эртең менен саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп иретинде кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган".

Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, абал кооптуу экенин маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болду.

Орусия Илимдер академиясынын кызматкери, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Станислав Притчин "Настоящее время" телеканалына алдын ала чара көрсө болот беле, чек араны тактоо эмне себептен оор жана Кыргызстан менен Тажикстан жетекчилерин кандай чечимдерди кабыл алуу күтүп турат деген суроолорго жооп берди.

XS
SM
MD
LG