Ссылки доступа

HRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери “согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн”


"Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch - HRW) эл аралык уюму жаңы баяндамасында былтыр сентябрда талаштуу чек арадагы 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алган төрт күндүк жаңжал маалындагы кыргыз жана тажик күчтөрүнүн аракеттеринде “эки тараптан тең согуш мыйзамдарын олуттуу бузуу" болгон деп билдирди.

2-майда жарык көргөн баяндама - эки постсоветтик өлкөнүн чек ара талашынан тутанган жаңжалдагы эң кандуу окуя орун алгандан бери эл аралык беделдүү укук коргоо уюму даярдаган алгачкы доклад болуп калды.

HRW 18 айдын ичиндеги экинчи ири масштабдуу жаңжалда эки өлкөнүн көп аракеттери “согуш кылмыштарына барабар болушу мүмкүн” деп билдирет.

Баяндамада белгиленген окуялардын арасында карапайым жарандардын автоунааларын жана “Тез жардам” машинелерин бутага алуу, жарылуучу заттарды “башаламан” колдонуу, куралдуу күчтөрдүн адамдарды суроо-сопкутсуз эле өлтүрүшү жана үй-жайлар менен жөн-жай курулуштарды өрттөө сыяктуу учурлар камтылган.

Уюм бир катар сунуштарды берип, эки өлкөнүн тең өкмөттөрүн “эл аралык гуманитардык укукту одоно бузганы” үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана куралдуу күчтөрдүн жеке курамын жаңжал чыккан кырдаалда эл аралык гуманитардык укукту сактоого үйрөтүүгө үндөгөн.

Ошондой эле эл аралык уюм чек араны демаркациялоо боюнча уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө кандай гана макулдашуу болбосун, ал келишим түшүмдүү, бирок калк өтө жыш отурукташкан жана суу тартыш аймакта жергиликтүү элдин “билим алууга, тийиштүү үй-жайга жана сууга” болгон укугун таанышы зарылдыгын билдирген.

89 беттен турган отчет 86 интервьюга, анын ичинде окуянын күбөлөрү, жапа чеккендер жана алардын жакындары тартылган 69 маектешүүгө; 2022-жылдын октябрь-ноябрь айларындагы 10 күндүк жеринде жасалган иликтөөгө; медициналык карталарды жана башка документтерди карап чыгуу; спутниктен тартылган сүрөттөрдү анализдөө; кол салууларды жана алардын кесепеттерин көрсөткөн 12 видео тасманы текшерип чыгуу; лазер менен багытталган бомба чабуулун жана медициналык автомашинага жасалган кол салууну талдоо үчүн 3D моделин түзүү аракеттерине негизделген.

Докладда жаңжалдын аскердик кызматкерлерге эмес, карапайым жарандарга тийгизген таасирине көңүл бурулат.

HRW эки тарапты кошкондо 37 жай тургундун, алардын ичинде беш баланын өлүмүн жана 36 кишинин жараат алганын документтеширген. Бирок уюм “маалымат каражаттарынын кабарларын жана расмий тизмедеги курмандыктарды эсепке алганда мерт болгон карапайым жарандардын саны 51ге, ал эми жараат алгандар 121ге жетиши мүмкүн” – деп билдирип, бул санакка аскерлердин арасындагы жоготуу кошулбаганын белгилейт.

Жаңжалдан улам Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши үй-жайын таштап кетсе, Тажикстан канча киши жер которгону тууралуу маалымат берген эмес.

2021-жылдын апрелине чейин чек арадагы кармаштарда ондогон киши набыт болгону менен чыр-чатактар андан ары жайылып, же чектеш аймактарда аскерлерди кеңири масштабда мобилизациялоого жетчү эмес.

Баяндама сентябрдагы жаңжалды ким баштаганы тууралуу бүтүм чыгарбайт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жаңжалдан бир нече күн өткөн соң Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Тажикстан Кыргызстанга “кол салганын” айткан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды "чек аранын бардык линиясы боюнча Тажикстандын аймагына кол салды” деп айыптаган.

HRW уюмунун кризис жана жаңжалдар боюнча улук изилдөөчүсү Жан-Батист Галлопен баяндаманын жарыяланышын утурлай “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде эл аралык гуманитардык укук “жаңжалга аралашкан бардык тараптар үчүн бирдей колдонуларын” белгиледи.

“Армия чабуул коёбу же коргонобу, ал согуш мыйзамдарын сактоого милдеттүү”, – дейт Галлопен. - Бул өзгөчө аскердик жана жарандардык буталарды айырмалай билүү жана күч колдонуудагы пропорционалдык принциптерин туюнтат".

"Хьюман Райтс Уотч" 16-сентябрда, жаңжалдын үчүнчү күнүндө мыйзам бузуулар көп болгонун белгилейт.

“Далилдер көрсөткөндөй, ошол күнү саат 17:00 чамасында кыргыз күчтөрү чек арадагы Тажикстандын Овчи Калача кыштагынын борбордук аянтына тажик күчтөрү келгенден бир нече мүнөттөн соң алардын жанына лазер менен багытталган бомбаны жеткирүү үчүн Bayraktar TB-2 дронун колдонгон”, – деп айтылат докладда.

Жергиликтүү тургундар айылдагы маркумдун зыйнатынан кийин мечиттин жанына чогулуп жаткан маалда жарылуу болгонун, андан 10 киши набыт кетип, 13 адам жараат алганын белгилеген уюм чабуулду “пропорциялуу эмес жана ылгабай урулгандай сокку” деп атаган.

Ошол эле күнү тажик аскерлери куралдуу кармаштан качып бараткан кыргызстандык жайкын тургундар түшкөн автомашинелерди бир нече жолу аткылаганы баяндамада айтылат.

Иликтөөчүлөр кепке тарткан бир кыргыз аял тажик аскерлери алар түшүп бараткан машинени аткылаганда “эгер машине жарылып кетсе өлүп калбайлы” деп андан кантип жөрмөлөп түшкөнүн, анын күйөөсү менен уулу жарадар болгонун айтып берген.

Анын сөзүнө караганда, алар бир канча убакыт сулк жатып, анан кыймылдай баштаганда тажик аскерлери кайрадан аткылаган.

Баяндаманада ошондой эле кыргыз күчтөрү гуманитардык укуктун алкагында коргоого алынчу “Тез жардам” машинесин аткылаган болушу мүмкүн экени айтылат.

Тажикстандын Чарбак (Чорбог) айылынын жанындагы көпүрөдө “Тез жардам” экени "так белгиленген" эки машине жана жай жарандар бараткан менчик машинеге чабуул коюлган бир окуяда 10 киши, анын ичинде төрт бала жана эки медициналык кызматкер набыт болгон.

HRW чабуулдун багытын билүү үчүн 3D-моделдөөнү колдонуп, ок болжол менен 110 метр жерден Кыргызстандагы Достук айылынан атылган деген бүтүмгө келген.

Эл аралык уюм “даана белгиленген [“Тез жардамдарга”] атайын урулган соккулар Эл аралык кылмыш сотунун статутуна ылайык, эл аралык куралдуу жаңжалда аскердик кылмыш болуп саналат”, – деп белгилейт.

HRW тажик күчтөрү жаңжал маалында кыргыз айылдарын басып алып, алардын айрымдарын дээрлик жок кылып кеткенин документтештирген.

16-сентябрда “тажик күчтөрү кыргыз айылдарын басып алып, тажикче сүйлөгөн жөнөкөй кийинген адамдардын коштоосунда чек аралаш кыргыз айылдарына кирген. Көпкө созулбаган оккупацияда тажик күчтөрү кеминде алты жайкын эркек кишини өлтүрүп, анын ичинде үчөөнү сыягы качып баратканда, экөөнү суроо-сопкутсуз эле өлтүрүп салгандай” деп жазылган баяндамада.

“Тажик күчтөрүнүн карамагындагы” жөнөкөй кийимчен тажиктер Кыргызстан тарапта кыска мөөнөткө ээлеп алган айыл-кыштактарда кеңири масштабдагы талап-тоноочулук кылып, “ал жерлерди мекендеген жашоочулардан тазалоону көздөгөндөй аракетти көрүп”, жүздөгөн үй-жайды, ошондой эле бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди жана административдик имараттарды өрттөп кетишкенин да уюм кошумчалаган.

"Хьюман Райтс Уотч" бул окуяларды иликтөө багытында Тажикстанга өзүнчө сунуштарын берет.

970 чакырымга созулган чек аранын дээрлик жарымы демаркация боло элек. 17-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чек араны демаркациялоо процесси “жайлап калганын” билдирип, Тажикстандын 1924-жылкы картага байланып калганы иштин жылышына кедергисин тийгизип жатканына нааразы болду.

"Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз", - деген Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде.

Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн илгерилеши тууралуу комментарий бере элек.

Эл аралык уюмдун улук иликтөөчүсү Галлопен чек арада жашаган кыргыз жана тажик тургундар соңку жылдардагы алардын жашоосун түп-тамырынан өзгөртүп, ортодо олуттуу жарака кетирген куралдуу жаңжалдан кийин терең кабатырланып, тынчтыкты гана эңсеп жашап жатканын белгилейт.

“Чек аранын эки жагындагылар менен сүйлөшкөнүбүздө жергиликтүү эл кооптуу жаңжалдардан тажаганын жана чындап эле тынчтыкты самап турганын көрдүк”, – деди Галлопен “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде.

XS
SM
MD
LG