Ссылки доступа

Болот Темиров Бишкек-Москва учагы менен чыгарылганы белгилүү болду


Иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек-Москва учак каттамы менен Орусияга жеткирилди. Бул тууралуу баратканын Фейсбуктагы Temirov LIVE баракчасы жазды.

23-ноябрдын кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду бир нече күч кызматкерлери “Манас” аэропортундагы жүргүнчүлөр уча турган залга алып барган. Аба майданында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын Темировду кайда алып баратканы тууралуу суроосуна эч ким жооп берген эмес.

Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кетишкен. Сот аны чыгаруу милдетин ИИМ менен Чек ара кызматына жүктөгөн.

Эл аралык коомчулук бул чечимди сындаган билдирүү таратууда.

Болот Темиров соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан.

Из Кыргызстана депортировали журналиста Болота Темирова
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

XS
SM
MD
LG