Ссылки доступа

Иран лидери: өлкөдөгү нааразылыктардын артында АКШ жана сионисттер турат


Иранадын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен сионисттерди күнөөлөдү.

Хаменеи Тегеранда студенттердин тобу – келечектеги полициячылар менен жолугушуу өткөрүп жатып: "Бул башаламандыктар менен толкундоолорду Америка, сионисттик режим жана алардын тыңчылары жасады", – деди. Ал 22 жаштагы Махса Амининин өлүмү аны кайгыга батырганын кошумчалады.

22 жаштагы Махса Амини аттуу студенттин өлүмүнө байланышуу тутанган башаламандыктардын уланып жатканына үч жумадан ашты. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр анын катуу сабалганын айтып беришкен.

Эл аялдардын укуктарын камсыздоодон тышкары башка саясий талаптарды да коюп жатат. Демонстранттар "Диктаторгө өлүм!" жана "Хаменеи тактан кулайт!" деген ураандарды чакырышууда. Окуучулар да ушундай эле ураандарды чакырышып, студенттер өлкөдө эркиндикти талап кылышууда.

Укук коргоочулардын эсебинде, нааразылыкка чыккандар менен полициянын кагылышуусунан кеминде 133 киши мерт болду.

XS
SM
MD
LG