Ссылки доступа

Германиянын, Италиянын жана Франциянын лидерлери Киевге келишти


16-июнда эртең менен Германиянын, Италиянын жана Франциянын лидерлери Орусия Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу Киевге келишти.

Эртең менен Эммануэль Макрон, Олаф Шольц жана Марио Драгинин вагондо тартылган сүрөтү жарыяланды. Согуштан улам Украинанын аба мейкиндиги жабык болгондуктан, алар Киевге поезд менен келишкен.

Бул сапар тууралуу буга чейин расмий түрдө кабарланган эмес, бирок ЖМКлар үч өлкөнүн лидери Киевге келиши мүмкүн экенин кабарлашкан. Божомолдорго ылайык, сапардын датасы Еврокомиссиянын эртең өтө турган жыйынына карата тандалган болушу ыктымал. Ал жыйында Украинага Европа биримдигине мүчө болууга талапкер деген макам берүү маселеси талкууланат.

Макрон Киевге келгенден кийин сапардын негизги максаты – Украинага европалык тилектештикти көрсөтүү экенин айтты.

Акыркы кездери украин бийлигинин өкүлдөрү, анын ичинде президент Владимир Зеленский Франция менен Германиянын Киев менен Москванын ортосундагы абалга карата мамилесин , компромисске келүү каалоосун жана бул өлкөлөрдөн убадаланган курал-жарактын келишинин кечеңдешин сындап келишкен. Күн мурун Макрон Румынияда сүйлөп жатып, Украинага "кайсы бир учурда" Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек болорун дагы бир жолу кайталады.

XS
SM
MD
LG