Ссылки доступа

Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кетти


Лиз Трасс 20-октябрда Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады.

Аны бул кызматка 6-сентябрда ошол учурдагы британ ханышасы Елизавета II дайындаган.

Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды.

Ал премьер-министрликке консервативдик партиянын лидери болгондон кийин шайланган. Коомчулукта Трасстын салык реформасы жана кабыл алган чечимдери каржы каатчылыгына кептеди деген сындар күчөгөн.

Октябрда Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун бирине ылайык, элдин 67% өкмөттү компетентсиз деп эсептейт. BBC кабарлагандай, акыркы жумаларда консерваторлорго ишеним өлкөнүн социологиялык изилдөөлөрүнүн тарыхында рекорддук деңгээлге төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG