"Аскер кызматкерлерине мындан тышкары жарандар административдик эреже бузган учурларда да аларга каршы курал колдонууга уруксат берилет. Ок атуу жалпы аскердик уставдын талаптарын ылайык аткарылган болсо, жоокерлер келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик албайт", – деп жазылган документте.
Буга чейин Лукашенко "Мамлекеттик коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, атайын кызматтын өкүлдөрү "куралдуу каршылык көрсөтүү болгон учурда, тобу менен чабуул жасалганда же адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан аракеттер катталганда" аялдарга, балдарга жана майыптарга каршы курал колдонуу укугуна ээ болушкан.