Ведомство "космостук аппарат эсептелбеген орбитага өтүп кетип, Айдын бети менен кагылышып, жок болушу мүмкүн" деп божомолдоодо.
Мындан бир күн мурда “Роскосмос” коно турган орбитага өтүү учурунда “Луна-25тин” бортунда адаттан тыш кырдаал жаралганын жарыялап, бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.
Аталган департамент станциянын кыйрашын иликтей турган комиссия түзүүдө.
11-августта Амур облусундагы "Восточный" космодромунан "Луна-25" планеталар аралык станциясы учурулган. Бул Орусиянын жаңы тарыхындагы Айга жөнөтүлгөн алгачкы миссия болгон. Буга чейинки "Луна-24" станциясы 1976-жылы Советтер Союзу тарабынан учурулган.
Автоматтык станция Айдын бетинде узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш болчу. Мындан тышкары Жердин спутнигинин туштук уюлуна жумшак конуу технологиясын иштеп чыгышы керек эле.