Ссылки доступа

Казакстанда активисттер Конституция боюнча референдумга бойкот жарыялоого үндөшүүдө (видео)


В Казахстане призывают к бойкоту референдума по Конституции: людям не объясняют, за что они голосуют
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Казакстанда жарандык активисттер элди 5-июнда өтө турган референдумга барбоого үндөшүүдө.

Алар Конституцияны өзгөртүү боюнча эч кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүн айтып, бийликтен элдин акчасын чачып, жалган референдум өткөрүүнү токтотууну талап кылышты. Активисттер бул каражатка пенсияны жогорулатып, турак жай көйгөйүн чечүүнү сунушташууда.

"Токаевдин референдум өткөрүүгө моралдык укугу жок. Себеби ал президент эмес, аны Назарбаев дайындаган. Токаев жыйырма жыл бийликтин жогорку эшелонунда болгон. Бул убакытта эч кандай реформа жасаган эмес", - деди активист Орынбасар Жанибеков.

Активисттердин пикиринде, бийлик референдум өткөрөрдөн мурун казакстандыктардан өлкөнүн кандай нукта өзгөрүшүн каалай турганын сурашы керек болчу.

"Башында референдум биринчи президенттин бардык артыкчылыктарын алып салуу үчүн жүргүзүлөрү айтылган. Бирок азыр Конституциянын 46-беренесин жашыруун түрдө калтырышууда. Демек, артыкчылыктар да калат. Жетишет, элди алдаганды токтотушсун", - деп түшүндүрдү активист Кайырлы Омар.

Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн негизги бөлүгү суперпрезиденттик башкаруу формасынан күчтүү парламенти бар президенттик республикага өтүүгө багытталган.

Токаев быйыл апрелде Казакстан элинин ассамблеясындагы кайрылуусунда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган. Анда төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда: 1995-жылдагы конституциялык өзгөртүүлөрдөн кийин жоюлуп кеткен Конституциялык сотту кайра түзүү; ыйгарым укуктарын аткарып жаткан маалда президенттин саясий партиянын курамында болуусуна тыюу салуу; мамлекет башчынын жакын туугандарына саясий же квазимамлекеттик тармактарда жетекчилик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салуу; парламенттин жана шайлоо системасынын ишине өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG