"Биз төртөөбүз тең Украинага Евробиримдикке мүчө болууга талапкер деген макамды тез арада берүүнү колдойбуз", – деди Макрон. Ал ошондой эле Франция Украинага курал жеткирүүсүн күчөтө турганын кошумчалады.
Италиянын премьер-министри Марио Драги өлкө Украинаны Евробиримдиктин бөлүгү катары көргүсү келерин айтты. Ал басма сөз жыйынында украин жергесинде болгон аскердик кылмыштарды иликтөөнү да толук колдой турганын билдирди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлин Украинага зарыл болгон учурга чейин колдоо көрсөтөрүн айтты. Ал ушул күнгө чейин Германия 800 миңдей украиналык качкынды кабыл алганын, мындан сырткары Украинага каржылык жана аскердик көмөк кылып жатканын белгиледи.
Европалык лидерлер Киевге келатып, орусиялык аскер күчтөрү талкалаган Ирпень шаарында болуп, анын абалын көрүшкөн.
Франция, Германия жана Италия Европа Биримдигиндеги кубаттуу экономикага ээ өлкөлөр болуп саналат. Румыния да бул уюмга мүчө.