Ссылки доступа

Максим Галкин Казакстанда концерт өткөрүүгө уруксат берилбей жатканын билдирди


Максим Галкин
Максим Галкин

Орусиялык куудул жана алып баруучу Максим Галкин бир нече айдан бери Казакстанда концерт өткөрүүгө уруксат ала албай жатканын билдирди. Мындай видеокайрылуусун ал "Инстаграм" социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялады.

Галкиндин айтымында, Казакстанда "мамлекеттик деңгээлде" анын Алматы жана Астана шаарларында концерт өткөрүүсүнө тоскоолдук жаратылууда.

"Кандайдыр бир ойдон чыгарылган себептерди айтып, көшөгө артында тыюу салып келишет. Концерттеримден коркуп жатышса, демек Казакстандын бийлиги үчүн мен кандайдыр бир коркунуч туудуруп жаткан окшойм. Иш жүзүндө бүгүнкү күндө менин концерттериме тымызын тыюу бар", – деди Галкин.

Ал бул көрүнүшкө өкүнүп жатканын, анткени Казакстанды жана андагы өз көрүүчүлөрүн "өтө жакшы көрөрүн" кошумчалады.

Максим Галкин Украинада согуш башталгандан бери орус бийлигин сындап, кан төгүүнү токтотууга чакырып келет. 2022-жылы ал жубайы - Алла Пугачева менен чогуу Орусиядан чыгып кеткен. Федералдык телеканалдар анын катышуусундагы жарнамалардан баш тартып, "Биринчи каналдагы" "Бүгүн кечинде" берүүсүнүн алып баруучулугунан четтетилген. Көп өтпөй бийлик аны чет элдик агент деп тапкан. Өткөн жылы сентябрда кыска убакытка Орусияга кайтып барган Алла Пугачёва ал да согушту айыптап жүргөнүн айтып, бийликтен аны да чет элдик агент деп таанууну талап кылган.

Галкин социалдык түйүндөрдө жана чет өлкөлөрдөгү концерттеринде дайыма согушка каршы пикирин ачык айтып келет.

Буга чейин коомдун талабы менен Казакстанда согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын да концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

XS
SM
MD
LG