Ссылки доступа

Орусияда 2023-жылга карата мунай өндүрүү 20% кыскарары айтылды


2022-жылдын декабрь айында орус мунайын Европага ташууга тыюу салуу санкциясы күчүнө киргенден кийин Орусияда мунай өндүрүү 20% кыскарат. Азыр Орусия Украинага кол салганга чейинкиге караганда күнүнө 3% гана аз мунай өндүрүүдө.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги менен The Guardian басылмасы Эл аралык энергетикалык агенттикке шилтеме жасоо менен билдирди.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына караганда, июлда Орусия күн сайын 10,8 миллион баррель мунай өндүргөн. Бул Украинага кол салганга чейинки көрсөткүчкө караганда 0,31 миллионго аз.

Орусия мунай-газынын экспортуна санкция салынгандан кийин Орусиядан Европа, АКШ жана Түштүк Кореяга мунай ташуу күнүнө 2,2 миллион баррелге кыскарган. Экспорт агымын Индия, Кытай, Түркияга жана башка өлкөлөргө которуу жана сезонго байланыштуу ички жогорку суроо-талап жоготууларды анча сездирген жок.

Евробиримдик 2022-жылдын 5-декабрынан баштап орус мунайын экспорттоону болушунча кыскартууну пландоодо. Мындан эки ай өткөндөн кийин орус мунайын сатып алууну толугу менен токтотууга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG