Ссылки доступа

Изилдөөчүлөр Украинадагы согушта 47 миң орус аскери каза болгонун билдиришти


Украинада согуш башталган 15 айдын ичинде 47 миң орус аскери мерт болду. Буга украин күчтөрүнүн азыр жүрүп жаткан контрчабуулу учурундагы Орусиянын жоготуулары кирген жок. Бул тууралуу "Медуза" жана "Медиазона" басылмаларынын изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөнүн авторлору бул сан Ооганстанда 10 жылга созулган согуштагы СССРдин жоготууларынан үч эсе, 1994-1996-жылдарда болгон биринчи Чеченстан согушундагы Орусиянын жоготууларынан тогуз эсе көп экенин белгилешкен.

"Журналисттер ашыкча өлүмдөрдү изилдеген Дмитрий Кобак менен биргеликте Росстаттын маалыматтарын жана мурастык иштердин реестрин анализдеп чыккан. Жыйынтыгында 2022-жылдан кийин эркек жаштардын арасында өлгөндөрдүн саны кескин көбөйгөнү аныкталган. Эсептөө ыкмасынын бирине ылайык, 2022-жылы "согуштагы ашыкча өлүм" 24 миңди, экинчи ыкма боюнча 25 миң кишини түзгөн", – деп жазылган изилдөөдө.

Маалыматка караганда, согушта оор жаракат алгандарды кошуп эсептегенде бул сан 125 миңге чейин жетиши мүмкүн. Алардын арасында дайынсыз жоголгон айрым орусиялыктар да бар. Бирок эсептөөлөрдө бул тизмеге туткундагы орус жоокерлери киргизилген эмес.

"Би-Би-Синин" орус кызматы менен "Медиазона" басылмасы согушта каза болгон орусиялыктардын онлайн эсебин жүргүзүүдө. 7-июлга карата анда аты-жөнү аныкталган 27 400 жоокердин ысымы жазылган. Журналисттер Орусиянын согуштагы чыныгы жоготуулары бул сандан бери дегенде эле эки эсе көп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Алардын айтымында, өлүп же оор жараатынан улам согуштан четтеп калган орус аскерлеринин саны 247 миңди түзүшү мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушта каза болгон орусиялык жоокерлер тууралуу расмий маалыматтарды жарыялабай келет. Өлкө бийлиги согуштагы жоготуулар боюнча маалыматты акыркы жолу 2022-жылы сентябрда жарыялаган. Анда жалпы жоготуулардын саны 5 937 киши экени жазылган.

Украинанын бийлиги да согуштагы жоготуулары тууралуу маалыматтарды жарыялабайт. Жазында Пентагондун интернетке чыгып кеткен жашыруун документтеринде согушта 15,5-17,5 миң украин жоокери каза болуп, 109-113 миңи жаракат алганы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG