Жарыяларда эмгек мигранттарына орус жарандыгы жеңилдетилген шартта берилери айтылган.
"Мосгортранс" РБК агенттигине мындай жарнама эки айдан бери жайгаштырылып жатканын тастыктады. Маалыматка караганда, рекламага миграциялык борбор буюртма берген жана автобустарга илинген.
Күзүндө Мамдума орус армиясы менен бир жылдык келишимге кол койгон чет өлкөлүктөргө жарандык берүүнү жеңилдеткен мыйзамды кабыл алган. Бул Украинадагы согушта болуп көрбөгөндөй жоготуулар орун алып, мобилизацияга туш боло турган орусиялыктар өлкөдөн жапырт чыгып кетип жаткан маалга туш келген.
Сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өз жарандарына чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышуу кылмыш экенин эскерткен.