Ссылки доступа

Milliyet: Стамбулда Орусия, Украина, Түркия жана БУУнун жолугушуусу болот


Келерки аптада Стамбулда Орусия, Украина, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү жолугат. Сүйлөшүү Украинадан дан алып чыгуу маселесине арналат. Бул тууралуу Milliyet гезити түрк президентинин айланасындагы өз булактарына таянуу менен жазды.

Басылма жолугушууга Түркия президенти Режеп Эрдогон менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышуусу мүмкүн экенин белгилейт.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинадан дан алып чыгуу боюнча Түркия менен байланыш бар экенин тастыктап, сүйлөшүү коргоо министрлигинин линиясы боюнча жүрөрүн айтты.

БУУнун маалымат кызматы сүйлөшүү кайсы күнү болорун так айткан жок. Украина тарап бул боюнча комментарий берген жок, бирок мурда порттордун ачылышын Орусия Одессага кол салуу үчүн пайдаланышы ыктымал деп тынчсызданган.

Украина дүйнөдө дан экспорттодо төртүнчү орунда турат. 2021-жылы ал 45 миллион тонна дан азыктарын экспорттогон.

Ушул тапта Кара деңиз портторун Орусия бөгөп салганына байланыштуу 22 тонна украин дан азыгын тышка чыгарууга мүмкүн болбой турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартин Украинадагы согуштун кесепетинен ачкачылыкта отургандардын саны 18 миллиондон 218 миллион кишиге чейин көбөйүшү мүмкүн экенин айткан.

13-июнда Украина Балтика деңизиндеги жаңы жол аркылуу ЕБга алгачкы дан азыктарынын партиясын жеткирген.

XS
SM
MD
LG