Ссылки доступа

Азербайжан Армения менен чек арадагы кагылышууда 50 аскери курман болгонун билдирди


Армения менен чек арадагы кагылышууда 50 азери аскер кызматкери курман болду. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, каза болгондордун сегизи чек арачы, 42си өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери болушкан.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен чек арадагы атышуудан улам армян тараптан бери дегенде эле 49 киши өлгөнүн айткан.

13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында жаңжал чыккан. Армениянын Коргоо министрлиги чек арага жакын жайгашкан Сотк, Варденис, Горис, Капан, Артаниш жана Ишханасар шаарлары аткыланганын билдирген. Бул үчүн азери тарап учкучсуз учуучу аппараттар менен минометторду колдонгону жана жарандык объектилерге да сокку урулганы кабарланган.

Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү азери-армян мамлекеттик чек арасында"масштабдуу диверсия" жасаганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, армениялык диверсиялык топтор караңгыда азербайжан армиясынын жолуна мина төшөгөн.

Мындан тышкары Азербайжан Армениянын аймагына кол салуу болгонун да четке каккан.

Жаңжал курчуп кеткенине байланыштуу Армения Орусияга, ЖККУга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылууну чечкен.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG