Ссылки доступа

Орусияда армияга келишимдик негизде кызмат өтөөгө 400 миң жаран чакырылат


1-апрелден тарта Орусияда армияга келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакыруунун жаңы толкуну башталат. Бул үчүн өлкөнүн Коргоо министрлиги тиешелүү документтерге кол коюшу керек болгон адамдардын саны көрсөтүлгөн буйруктарды аймактарга жөнөттү.

Орусиянын дароо бир нече ЖМКсы келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырыла турган аскерлердин жалпы санын жарыялашты. Алардын маалыматына караганда, Коргоо министрлиги армияга 400 миң аскер алууну пландап жатат.

14-мартта Воронеж облусунун тургундарына былтыр сентябрда жарыяланган "жарым-жартылай мобилизация" учурундагыдай кайрадан аскердик комиссариаттарга чакыруу кагаздары таратыла баштаганы кабарланды. Облус бийлиги бул "аскердик каттоодо тургандардын маалыматтарын жаңыртуу үчүн гана жасалып жатканын" билдирүүдө.

"Вёрстка" басылмасы кабарлагандай, аскер комиссариаттары армиянын Украинадагы жоготууларынын ордун толтурууга аракет кылууда. Макалада жетишсиз болуп жаткан аскердик адистердин арасында зооттолгон унаалардын айдоочулары жана артиллеристтер бар экенин белгиленген.

Өз кезегинде Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мобилизациянын экинчи толкунун тууралуу билдирүүлөрдү дагы бир жолу четке какты. "Кремлде бул тууралуу эч кандай талкуу болгон жок", – деди ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылдын сентябрь айынан бери "жарым-жартылай мобилизациянын" алкагында запастагы 330 миңден ашык орусиялык аскерге чакырылган.

XS
SM
MD
LG