Ссылки доступа

Орусия "Азовсталда" багынып берген украин аскерлеринин саны 1730га жеткенин билдирди


Туткундарды алып бараткан автобустар (архив сүрөт)
Туткундарды алып бараткан автобустар (архив сүрөт)

Орусиянын Коргоо министрлиги 19-майда Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводун коргоп жаткан дагы 771 украин аскери багынып берип, орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймакка жеткирилгенин билдирди.

Ушуну менен орус тарап колго түшүп бергенин билдирген "азовчулардын" жалпы саны 1730га жетти. Алардын ичинде 80и жарадар.

Мунун алдында Кызыл Чырым эл аралык комитети "Азовсталь" заводунан Орусия чыгарып кеткен украин аскерлерин каттап баштаганын, "бул алардын эсепке алууну жана гумандуу, татыктуу мамиле жасоону камсыздоо үчүн маанилүү экендигин" билдирген.

Эки жарым айдан ашык убакыт багынбай, каршылык көрсөтүп келген "Азовсталь" заводундагы аскерлер 16-майдан тартып Украинанын жикчилдер башкарып турган аймактарына жана Орусиянын аймагына чыгарыла баштаган. Аскердик туткундар андан ары абактарга киргизилип жатат.

Украин бийлиги мындай чечим аларды аман алып калуу үчүн кабыл алынганын айтып, "украин жоокерлери кийин колго түшкөн орус аскерлерине алмаштырыларын" маалымдаган. Москва аларды "багынып бергендер, аскердик туткундар" деп атап жатат.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. "Азовсталь" заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, ушул убакка чейин курчоодо жаткан.

Заводдун алдында жашап жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен мурдараак эвакуацияланган. Азыр ал жакта канча аскер калганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG