Ссылки доступа

Орусия Коргоо министрлиги Украина контрчабуул баштаганын билдирди


Орусиянын Коргоо министрлиги 5-июнга караган түнү Украина Түштүк Донецк багытындагы беш сектордо контрчабуул баштаганын жарыялады. Украина бул билдирүүлөр боюнча комментарий берген жок.  Согуштук аракеттердин күчөгөнүн көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого да мүмкүн боло элек.

Орусиянын аскердик ведомствосу билдиргенине караганда, Украинанын куралдуу күчтөрү согушка стратегиялык резервдерден механикалаштырылган бригадаларды алып келишкен, аларга башка бөлүктөр да колдоо көрсөткөн. Маалыматта урушка алты механикалаштырылган жана эки танк батальону тартылганы айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин армиясы өз максатына жете албаганын белгилеген.

Кечээ Украинадагы согушту чагылдырган орус Телеграм каналдары украин аскерлери Запорожье менен Донецк облустарынын чек арасында сокку урганын маалымдашкан. Бир катар каналдар украин аскерлери эки конушту басып алууга жетишкенин кабарлашкан.

Башка орус каналдары украин аскерлеринин "тактикалык ийгилиги" тууралуу жазып, бирок коргонууда эч кандай жылыш болбогонун, чабуул учурунда техника кыйраганын баса белгилешүүдө. Жекшемби күнү кечинде орус Телеграм каналдары орус аскерлери "бардык позицияларды кайтарып алды" деп жаза башташты.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 5-июндагы баяндамасында Запорожье аймагында орус аскерлери коргонуу операцияларын жүргүзүп, ошондой эле украин конуштарын аткылап жатканын гана жазган.

XS
SM
MD
LG