Ссылки доступа

Орусияда жарым-жартылай мобилизация аяктады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусияда жарым-жартылай мобилизациялоонун алкагындагы бардык иш-чаралар аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөнүн Башкы штабы аскердик комиссариаттарга чакыруу кагаздарын таратууну токтотуу тууралуу тапшырма жөнөттү.

"Аскердик комиссариаттардын Куралдуу күчтөрдү толуктоо боюнча мындан аркы иштери ыктыярчыларды жана келишимдик негизде талапкерлерди тартуу менен аткарылат", – деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Мекеме мобилизация 31-октябрдан тартып токтотулганын билдирди. Формалдуу түрдө бул аракет президенттин атайын жарлыгы чыкканга чейин улантыла бериши мүмкүн. Азырынча андай жарлык чыкканы жарыялана элек.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин миңдеген жаран учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете баштаган.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-октябрда Путин менен жолукканда мобилизациялык чаралар аяктаганын билдирген. Анын айтымында, мобилизациянын алкагында 300 миң адам аскерге тартылды. 82 миң адам Украинадагы согушка жөнөтүлүп, 218 миң адам машыгуудан өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG