Ссылки доступа

Казакстан мобилизациядан качып келген орус жаранын мекенине депортациялайт


Казакстан соту мобилизациядан качып келип башпаанек сураган орусиялык Игорь Санжиевди мекенине депортация кылуу чечимин кабыл алды.

Ошондой эле ал Казакстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесилип, беш жылга өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынды. Мындан тышкары сот Санжиевди "Жабырлануучуларга кенемте" фондуна 35 миң теңге (80 доллар) төлөөгө милдеттендирди.

Орусиянын курамындагы Калмыкиянын борбору Элиста шаарында курулушта иштеген Санжиев былтыр сентябрь айында мобилизацияланып, Волгограддагы аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн. Ноябрда ал Беларуска качып, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалгандан кийин Орусияга депортацияланган. Бирок көп өтпөй Санжиев аскердик бөлүктөн кайра качып, Казакстандын аймагына мыйзамсыз өткөн.

Быйыл март айында Игорь Санжиев Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо комитетине кайрылып, башпаанек сураган. Бирок полиция аны чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыптаган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, соттон депортациядан башка жаза берүүнү өтүнгөн.

Игорь Санжиев соттун чечими боюнча апелляциялык баскычка даттанып, аны өлкөдөн депортациялоо чечимин жокко чыгартууга аракет кыларын билдирди.

Санжиев учурда Батыш Казакстан облусунун административдик борбору Орол шаарында. Сот өкүмү күчүнө кирсе ал Орусияга депортацияланышы мүмкүн.

Өткөн жылы декабрда Казакстан мобилизациядан качып келген Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди мекенине депортациялаган. Андан соң Орусияда Барнаул гарнизонунун аскердик соту Жилинди алты жарым жылга эркинен ажыраткан.

Видео

XS
SM
MD
LG