Ссылки доступа

Орусияда сот Meta'нын басма сөз катчысы Энди Стоунду кайрадан сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды


Энди Стоун
Энди Стоун

Москванын Басман райондук соту Meta компаниясынын басма сөз катчысы Энди Стоунду сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Ал Кылмыш кодексинин "Террордук ишмердүүлүккө жардам берүү", "Терроримзди актоо" жана "Терроризмге ачык чакырык жасоо" беренелери боюнча айыпталууда. Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta компаниясынын өзү Орусияда "экстремисттик" деп табылган.

Сот Стоунду эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарды. Бул чара ал Орусиянын аймагында кармалган же Орусияга экстрадицияланган учурда колдонулат.

12-февралда "Росфинмониторинг" мекемеси Энди Стоунду экстремисттердин жана террористтердин тизмесине киргизгени белгилүү болду.

Бул Орусияда Стоунду сыртынан камакка алуу боюнча соттун экинчи өкүмү. Алгачкы жолу мындай чечим өткөн жылы ноябрда кабыл алынып, Орусиянын Ички иштер министрлиги Стоунго эл аралык издөө жарыялаган. Анда ага терроризмге байланышы бар бир гана берене боюнча айып тагылган. Соттун биринчи чечими мыйзамдуу күчүнө кирген эмес, анткени ал боюнча Стоун апелляциялык арыз берген.

2022-жылы мартта Орусиянын Тергөө комитети Meta компаниясына каршы кылмыш ишин козгогон. Буга компаниянын модерация саясатын өзгөртүп, "орус баскынчыларына өлүм тилеген" билдирүүлөрдү жазган украиналык колдонуучуларды блоктоодон баш тартканы себеп болгон. Анда компаниянын бул чечими тууралуу Энди Стоун жарыялаган.

Meta компаниясы Орусияда 2022-жылы марттын аягында экстремисттик деп табылып, өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындын тышкары "Росфинмониторинг" мекемеси Meta'ны экстремизмге жана терроризмге тиешеси бар уюмдардын тизмесине кошкон. Өлкөдө Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрү бөгөттөлгөн. Орусиялыктар бул түйүндөрдү VPN аркылуу колдонууну улантып келишет.

XS
SM
MD
LG