Ссылки доступа

Москва менен Түндүк Корея бири-бирине жардамдашууну макулдашты


Москва менен Түндүк Корея башка өлкөлөр киргизген санкцияларды айланып өтүүдө бири-бирине жардам берүүнү макулдашты. Бул тууралуу Владимир Путин менен Ким Чен Ын Пхеньянда кол койгон кызматташуу келишиминин текстинде айтылат.

Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги кабарлагандай, келишимде ошондой эле өлкөлөр бири-бирине көрсөтүүсү керек болгон тикелей аскердик жардам тууралуу да сөз болот.

Келишимде "эгерде Москвага же Пхеньянга каршы санкциялар киргизилсе, өз ара экономикалык байланыштарга, жеке же юридикалык жактарга же алардын мүлкүнө тике жана кыйыр таасирин жок кылуу же азайтуу үчүн практикалык аракеттер көрүлөт" деп айтылат.

Макулдашууга ылайык, эки өлкө үчүнчү тараптын санкция киргизишине шарт түзгөн маалыматтын жайылышын чектөө боюнча чараларды көрөт.

Түндүк Корея жарыялаган келишимде тыштан куралдуу кол салуу болсо, тараптар бири-бирине "аскердик жана башка" жардам көрсөтүүгө макул экени айтылат.

Түндүк Корея — Орусиянын Украинага кол салуусун ачык колдогон жана Крым жарым аралын күчтөп аннексиялап алганын тааныган саналуу гана өлкөлөрдүн бири.

Акыркы жолу Путин Пхеньянга 2000-жылы, өлкөнү Ким Чен Ир жетектеп турганда барган.

Ким Чен Ын 2023-жылдын 12-17-сентябрында Орусияга барып, Комсомольск-на-Амуре шаарындагы "Восточный" космодромунда, Приморьедеги Кневичи аэродромунда жана Владивостокто болгон.

Путин менен Ким Чен Ындын алгачкы жолугушуусу 2019-жылы Владивостокто өткөн.

XS
SM
MD
LG