Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Москва боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөчүлөр Бутаевге карата козголгон кылмыш ишин 24-июнда тергеп бүтүштү. Психиатриялык экспертиза "ал шамдарды өчүрүп жаткан маалда акыл-эси ордунда болгон эмес" деген кортунду чыгарган.
Москванын Зюзин райондук соту Бутаевди 19-июнда камакка алган.
Тажик жаранын кармоого себеп болгон окуя 18-июнда түштөн кийин адмирал Теодор Ушаков атындагы чиркөөдө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Бутаев ал жерде күйүп жаткан шамдардын баарын өчүрүп, андан соң чиркөөгө келген аялдардын бирин түртүп, кетип калган. Көп өтпөй ал кармалган.