«Эгерде жоокер ыймандуу болсо, өз үйүн, үй-бүлөсүн жана мекенин коргосо, Аллах аны шейит катары кабыл алат», - деди Самигуллин.
Муфтий орус аскерлери “адилет согуш” жүргүзүп жатканын, муну менен алар Палестинага жардам берип жатканын кошумчалады. Анын пикиринде, АКШ Украинага жардам бергендиктен, Израилге азыраак акча сарптоого аргасыз болууда.
Бул Самигуллиндин билдирүүлөрү коомчулукта нааразылык жараткан биринчи учур эмес. Буга чейин Татарстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы хиджаб кийүүгө тыюу салууну сынга алып, Орусиянын Конституциясындагы “мамлекет түзүүчү эл” деген түшүнүккө каршы чыгып, бийликти Махачкала аэропортунда антисемиттик тополоң чыгаргандарга жумшак мамиле кылууга чакырган.