Учурда булганган суу океанга кошулган-кошулбаганы белгисиз.
TEPCO компаниясы билдиргендей, суюктуктарды цезий менен стронцийден тазалоочу түтүктөн 5,5 тоннадай суу аккан. Анын радиоактивдүүлүгү 22 миллиард беккерелди түзөт, максималдуу жол берилген чеги – 1500 беккерель. Суунун көбү топуракка сиңип кеткен.
Компания кырсык болгон жерди тыюу салынган аймак деп жарыялады. Эми жер кыртышынын үстүнкү катмарын алып, жок кылуу керек болот.
Станциядан тышкары жерлерде радиациянын децгээли анчалык жогорулаган жок.
2011-жылы мартта Жапониянын түндүк-чыгыш жээгинде 9 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин пайда болгон топон суу 15 миң адамдын өмүрүн алып кеткен жана "Фукусима-1" атомдук станциясын жарактан чыгарган.
Атомдук электр станцияда болгон авариядан бери реакторлорду муздатуу үчүн колдонгон 1,3 миллион тонна суу чогулуп калган. Ал сууну тазалап, атайын резервуарларда сактап келишкен. Былтыр жайында "Фукусима-1" станциясына операторлук кылган компания тазаланган радиоактивдүү сууну Тынч океанга төгө баштаганын билдирген.