Ссылки доступа

Тажикстанда камакка алынган депутаттын ишине "жашыруун" деген мөөр басылды


Саиджафар Усмонзода
Саиджафар Усмонзода

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Демократиялык партиянын мурдагы лидери, парламент депутаты Саиджафар Усмонзодага каршы козголгон кылмыш ишине "жашыруун" деген мөөр басты.

Усмонзода 12-июнда "бийликти басып алууга аракет кылуу" айыбы менен Душанбе шаарында кармалган.

14-июнда Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Усмонзоданы депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу өтүнүчү менен парламент депутаттарына кайрылган. Жыйынга катышкан эл өкүлдөрү бул өтүнүчтү бир добуштан колдоп, Усмонзоданы камакка алууга макулдук беришкен.

Юсуф Рахмон парламенттеги сөзүндө Усмонзода жана "башка адамдар" бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жатканын билдирген. Азырынча ал "башка адамдар" деген сөзү менен эмнени айткысы келгени белгисиз. Бирок "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, ошол эле күнү Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи да кармалганын маалымдады. Булактардын бири анын кармалышын Усмонзоданын камакка алынышы менен байланыштырса, башкалары "экономикалык кылмыштарга" байланыштырууда. Азырынча расмий бийлик органдары бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Саиджафар Усмонзоданын жакындары ага козголгон кылмыш иши боюнча эч кандай маалыматтары жок экенин, учурда кайсыл жерде кармалып турганын билбей тургандыктарын айтып, ЖМК өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

11-майда Тажикстан Демократиялык партиясынын кезексиз курултайы өтүп, Саиджафар Усмонзода "канааттандырарлык эмес иш алып барганы үчүн" партиянын төрагалыгынан четтетилген.

31-майда Тажикстандын Юстиция министрлиги Демократиялык партиянын чуулгандуу курултайын легитимдүү деп таап, жаңы шайланган Шахбоз Аброрду анын лидери деп тааныган.

Саиджафар Усмонзода өзүн партиянын мыйзамдуу лидери деп атап, Юстиция министрлигин Шахбоз Аброрду Демократиялык партиянын жетекчиси деп тааныган чечимин жокко чыгарууга чакырган.

XS
SM
MD
LG