Ссылки доступа

Түркия менен Сириядагы соңку жер силкинүүдөн онго чукул киши өлдү


Акыркы маалыматтар боюнча 20-февралдагы жер силкинүүдө Түркияда алты киши мерт болду. Сирияда үч киши өлгөнү айтылууда. Эки өлкөдө кеминде 800 адам жабыркады.

Дүйшөмбү күнү Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиздер чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталган. Зилзаланын очогу Сирия менен чектеш Хатай провинциясында орун алган

Жер силкинүүнүн жыйынтыгында Хатайда электр кубаты өчүп, бир нече имарат кыйрады. Түрк бийлиги маалымдагандай, урандылардын алдында кишилер болушу мүмкүн. Куткаруу иштери уланууда.

Жер титирөө Египет, Ливан жана Иорданияда да сезилди. "Аль-Жазира" Сириянын Алеппо шаарында бир нече имарат кыйраганын, урандылардын алдында кишилер болушу ыктымал экенин билдирди.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда.

XS
SM
MD
LG