Reuters агенттиги кичи автобустар менен улуттук паркты көздөй кеткен 50 жумушчу дайынсыз болуп жатканын кабарлады.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, 3-апрелдеги жер титирөө Тайвандын бардык аймагында сезилген. Жакынкы күндөрү жаңы силкинүүлөр катталып, алардын күчү 7 баллга чейин жетет деп күтүлүүдө.
Жер титирөөдөн баарынан Хуалянь району көп зыянга учураганы кабарланды. 300 миң калкы бар бул аймактын жашоочуларынын 100 миңге жакыны Хуалянь шаарында жашайт.
Тайвандын Өрткө каршы улуттук кызматы аталган райондогу эки шахтада иштеп жаткан 71 кенчи сыртка чыга албай калганын билдирди.
Жер титирөөдөн улам темир жолдордо жана метродо үч кырсык катталды. Мындан тышкары 125 имарат зыянга учурап, 90 миңден ашык үй жарыксыз калууда.
АКШ Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүгө даяр экенин маалымдады. Бул тууралуу шаршемби күнү өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү билдиргенин CNN телеканалы кабарлады.