Өлкөнүн мамлекеттик TRT телеканалы бюллетендердин 96% саналып бүткөндөн кийинки алдын-ала жыйынтыктарга таянып, азыркы мамлекет башчысы Режеп Эрдоган шайлоочулардын 49,42%, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88% добушун алганын кабарлады.
Ошол эле маалда Кылычдароглу азырынча алдын-ала жыйынтыктар менен макул эмес экенин, алты партиядан турган оппозициялык альянстын эсебинде Эрдоган артта калып жатканын билдирүүдө.
Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.
Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.