Ссылки доступа

Тайландда парламенттик шайлоодо оппозиция жеңишке жетти


Тайландда
Тайландда

14-майда өткөн шайлоодо оппозициячыл "Алга карай" жана "Тайлар үчүн" партиялары парламенттеги 500 орундун 293үн жеңип алды. Алардын жыйынтыгы шайлоо алдындагы божомолдордон алда канча жакшы болду.  

Партиялар коалиция түзүүгө жана ага башка оппозициялык күчтөрдү да тартууга макулдашты. 2014-жылы аскердик төңкөрүш менен бийликке келген Тайланддын азыркы премьер-министри Прают Чан-Очанын партиясы 36 гана орунга ээ болду.

“Алга карай” кыймылы парламентте 152 мандатка ээ болду. Партия өкмөттү, экономиканы, армиянын ролун жана монархияны коргогон мыйзамдарды кескин өзгөртүүнү жактайт.

2020-жылы студенттер активдүү катышкан нааразылык акцияларында дал ушул талаптар жаңырган. Анда “Алга карай” кыймылынын өкүлдөрү митингге лидерлик кылышкан.

"Алга карай” кыймылынын төрагасы, 42 жаштагы Пита Лимчароенрат өлкөнүн жаңы премьер-министри болууга даяр экенин билдирди.

Ал Твиттердеги баракчасына: "Биздин кыялдарыбыз, үмүттөрүбүз бир. Сүйүктүү Тайландыбыз азыркыдан жакшы болоруна ишенебиз. Эгер бүгүн бул багытта иштей баштасак, өзгөрүү мүмкүн", - деп жазды.

Тайлар Прают Чан-Очанын өкмөтүн экономиканын алсырашына, COVID-19 пандемиясына натыйжасыз жооп кайтарууга жана демократиялык реформаларга тоскоолдук кылууга айыптоодо. Прают Чан-Оча шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG