Ссылки доступа

НАТО өлкөлөрү Украинага убадаланган аскердик техниканын дээрлик баарын жөнөттү


НАТО өлкөлөрү Украинага убадалаган аскердик техниканын 98% жөнөттү. Бул тууралуу альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

"Бул 1 550 чопкутталган унаа, 230 танк, өтө көп сандагы ок-дары жана башка жабдуулар", – деди Столтенберг.

Ал ошондой эле НАТО өлкөлөрү Украинанын тогуздан ашык танк бригадасын даярдап, жабдыганын билдирди. "Бул оккупацияланган аймактарды бошотууну улантууда Украинанын позицияларын бекемдейт", – деди Столтенберг.

НАТО өлкөлөрү Украинага миллиарддаган доллар аскердик, каржылык жана гуманитардык жардамдарды берди. АКШ 71 миллиард доллар, Улуу Британия дээрлик 10 миллиард доллар, Германия жети миллиард доллардан ашык жана калган өлкөлөр азыраак каражат бөлүштү.

Орусиянын өкүлдөрү Батыш өлкөлөрүнүн Украинага берип жаткан жардамы боюнча бир канча жолу комментарий беришкен. Алардын пикиринде, мындай кадамдары менен НАТО "от менен ойноп жатат" жана "ал терс натыйжа берет". Ошондой эле Москва Украинага курал жарак бергени үчүн бир нече өлкөгө, анын ичинде АКШга айыптоо ноталарын жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG