Баш катчы блок чыгыш флангдагы аскерлерин күчтөндүрөрүн Мадриддеги саммит алдында белгиледи. Азыркы тапта НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү 40 миң жоокерден турат.
28-29-июнда өтүүчү саммитте Москваны “стратегиялык өнөктөш” деп атаган аныктама өзгөртүлмөкчү. Мындай чечим 2010-жылы кабыл алынган.
Столтенбергдин айтымында, стратегиялык концепциядан ал сөздөрдү алуу Мадридде макулдашылмакчы.
“Орусия коопсуздугубузга, баалулуктарыбызга, мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн эл аралык тартипке түздөн-түз коркунуч жаратарын бардык мүчө-мамлекеттер так айтышат деп күтөм”, - деди Столтенберг.