Навальныйдын адовкаттары “Интерфакска” түшүндүрүшкөндөй, ал өзүн экстермисттер менен террорчулардын тизмесинен алып таштоону талап кылууда. “Росфинмониторинг” оппозициячыны бул тизмеге 25-январда кошкон.
Тизмеде анын санаалаштары Леонид Волков, Иван Жданов, Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров жана Руслан Шаведдинов да бар. Алар экстремисттик коом түзүүгө айыпталышууда.
Бул реестрдеги кишилердин банк эсептери тоңдурулган.
2021-жылы июнда Москва шаардык соту прокуратуранын суроосу менен Навальныйдын фондун жана штабдарын экстремисттик уюмдар катары жарыялап, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.