Ссылки доступа

Назарбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча сунуштарды колдой турганын билдирди


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өлкө Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумга катышып, азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин өлкөнү реформалоо жана өнүктүрүү аракеттерин колдоого даяр.

Бул тууралуу экс-президент жергиликтүү саясий серепчи Данияр Ашимбаевге берген интервьюсундабилдирди.

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 5-июнда өтөт. Анда башка өзгөртүүлөр менен катар өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ролу жана ага берилген жеңилдиктер тууралуу жобо да бар.

"Ооба, 5-июнда сөзсүз Конституция тарабынан берилген укугумдан пайдаланып, референдумда добуш берем. Жалпысынан мезгилдин талабы болуп, коомдун демократиялык өнүгүүсүнө жардам бере турган болсо, ар бир муун Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу деп эсептейм. Башкалардай эле мени да бардык нерселер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн болушу керектиги ойлондурат", – деди Назарбаев.

Экс-президент 2019-жылы көпчүлүктүн каршылыгына карабастан, өз каалоосу менен мамлекет башчылыкты өткөрүп бергенин, анда айрым гана ыйгарым укуктары калганын белгиледи.

"Конституцияга ылайык мен президенттик ыйгарым укуктарымды Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергем. Кийинки кезексиз президенттик шайлоодо ал жеңишке жетти. Ошондон бери мен өлкөбүздү реформалоо жана мындан ары өнүктүрүү боюнча Токаевдин аракеттерин колдоп келем. Күмөн санабаңыздар, бул жолу да колдойм", – деди Назарбаев.

Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн негизги бөлүгү суперпрезиденттик башкаруу формасынан күчтүү парламенти бар президенттик республикага өтүүгө багытталган.

Токаев быйыл апрелде Казакстан элинин ассамблеясындагы кайрылуусунда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган. Анда төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда: 1995-жылдагы конституциялык өзгөртүүлөрдөн кийин жоюлуп кеткен Конституциялык сотту кайра түзүү; ыйгарым укуктарын аткарып жаткан маалда президенттин саясий партиянын курамында болуусуна тыюу салуу; мамлекет башчынын жакын туугандарына саясий же квазимамлекеттик тармактарда жетекчилик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салуу; парламенттин жана шайлоо системасынын ишине өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Буга чейин казак парламентинин жогорку палатасынын депутаттары "референдумдун предмети туңгуч президенттин "елбасы" макамы болушу мүмкүн эмес" деген пунктту өзгөртүүнү колдоп беришкен. "Биринчи президенттин макамы тууралуу маселе референдумда каралышы мүмкүн эмес болгон маселелердин катарына кирбейт", – деп билдирген анда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, сенатор Ляззат Сулеймен.

Апрелдин аягында Казакстан мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы туңгуч президент тууралуу конституциялык мыйзамды жоюуга мүмкүндүк бере турганын айткан. Дал ушул мыйзам Нурсултан Назарбаевге анын мүлкү менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн кол тийбестигин, куугунтукка алынбоосун, бюджеттен анын канцеляриясын каржылоону жана башка бир катар жеңилдиктерди кепилдейт. 2019-жылдын март айынан бери аталган канцелярияга 9 миллиард теңгеге жакын сумма (11,3 миллион доллар) жумшалган.

XS
SM
MD
LG