"Бул кеңсени реструктуризациялоо жүрүп жатат. Жакын арада акыры чечим кандай болорун айтып берем деп ойлойм. Менимче, бир жарым айдын ичинде мындай кеңсе мындан ары жок болот", — деди ал. Анын айтымында, аппараттын кызматкерлери башка уюмдарга которулат же кыскартылат.
Назарбаевдин кеңсесинин ишмердүүлүгү ушул жылдын башында күчүн жоготкон “Биринчи президент – Элбасы жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынып келген. Биринчи президенттин аппараты өлкө бюджетинин эсебинен каржыланган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-февралда "Биринчи президент - Элбасы жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгаруу жана анын жакын туугандарын куугунтуктан коргоо иммунитетинен ажыраткан мыйзам долбооруна кол койгон.
Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Баш мыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган. Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан да кол жууган.