Ссылки доступа

Казакстандын Улуттук гвардиясы Январь окуяларында 95 миң доллар зыян тартканын билдирди


Казакстандын Улуттук гвардиясы Январь окуясы учурунда Атырау облусунда мекемеге 95 миң доллар чыгым келтирилгенин билдирди.

Жапырт башаламандык иши боюнча өтүп жаткан сот отурумунда Улуттук гвардиянын №5546 аскер бөлүгүнүн өкүлү Асылхан Куанов нааразылык маалында жеке коргоону каражаттары, рациялар, "Форт-500" үлгүсүндөгү эки мылтык жоголуп, кызматтык унаалар талкаланганын айтты.

Жалпысынан аталган аскер бөлүгү 44 миллион теңге же 95,5 миң долларга чыгым тарткан.

"Азыркыга чейин травматикалык куралдардын компоненттери, ок-дарылар, бронежилеттер, 467 бушлат жана 25 рация табыла элек", - деди Куанов.

"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, Атырау шаарында "жапырт башаламандыкка" айыпталган 27 кишинин соту өтүүдө. Бул иште бардык 115 жабырлануучу суралып бүттү.

Жабырлануучулардын көбү – полициячылар жана аскер кызматкерлери. Бирок алардын арасында облустук акимчиликтин кызматкерлери, башаламандык учурунда мүлкү бүлгүнгө учураган ишкерлер да бар.

Жапырт башаламандык иши боюнча айыпталган 23 киши үй камагында же эч жакка чыкпоо тил каты менен боштондукта. Калгандары тергөө абагында. Аларга карата "Жапырт башаламандыкка катышуу", "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" жана "Мыйзамсыз курал-жарак сактоо" беренелери боюнча айып тагылган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери быйыл 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228ге жеткен.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган. Алардын көпчүлүгү кийин кайра бошотулган.

XS
SM
MD
LG