Ссылки доступа

Казакстан Ленин шахтасындагы жарылуу үчүн "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын жетекчилигин айыптады


Казакстанда өкмөттүк комиссия 3-ноябрда "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын Ленин шахтасында болгон жарылуу боюнча иликтөө аягына чыкканын маалымдады. Кырсыктан беш кенчи өлүп, дагы төртөө жаракат алган.

Бул тууралуу 23-ноябрдагы брифинг учурунда өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин билдирди. Комиссия бул окуяда AMT компаниясынын күнөөсү 100% деп эсептейт.

Министрдин айтымында, мамлекеттик комиссия шахтада метандын жарылуусу газ-дренаждык скважиналарды бургулоо учурунда болгон деген бүтүмгө келген. Шахтадагы газдын денгээлин аныктаган датчиктер, бургулоочу жабдуулар нормаларга шайкеш келген эмес.

Министр компания скважиналарды заманбап ыкмаларды колдонуу менен жердин үстүндө эмес шахтанын ичинде бургулоону чечкенин өзүнчө белгиледи.

Мамлекеттик комиссия божомолдоо жана шахтаны көзөмөлдөө кызматтарынын штаты толук болбогонун да аныктаган.

“Скважиналарды бургулоодо жана газдан коргоо датчиктерин кароодо эффективдүү көзөмөлдөө болгон эмес”, - деп белгиледи министр.

Комиссия бул иште 26 кызмат адамы жоопкерчиликтүү болгонун аныктаган. Алардын арасында башка өлкөлөрдүн жарандары – көмүр департаментинин жетекчиси жана АМТ жетекчилиги бар. Министр Ильин компаниянын жетектөөчү курамына киргендердин ичинен эки кишинин атын атады. Алар "АрселорМиттал Темиртау" акционердин коомунун башкы директору Биджу Наир менен компаниянын көмүр жана темиркен департаментинин аткаруучу директору Желсон Батиста.

Ильиндин айтымында, азырынча 26 кишинин эч кимисине айып тагыла элек. Бирок иштин материалдары полиция менен прокуратурага берилет. Тизмедеги бардык кишилердин Казакстандан чыгуусуна тыюу салынат.

3-ноябрга караган түнү Караганды облусунун Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болгон.

Ленин атындагы көмүр шахтасы 1964-жылы ачылган. 1970-жылдан бери анда адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык болгон. 2006-жылы метан газы жарылып, 41 тоо кенчи мерт кеткен.

Аталган шахта Казакстандагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык. Ал эл аралык Arcelor-Mittal концернине кирет. Компания Казакстанда 15 көмүр шахтасына жана темир кендерине ээлик кылат.

Взрыв на шахте Ленина в Карагандинской области: что произошло
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

XS
SM
MD
LG