Ссылки доступа

Тажикстандык дарыгерлер Орусияда ксенофобияга туш болуп жатканын айтышууда (видео)


Медики из Таджикистана, работающие в России, говорят о ксенофобии и оскорблениях в их адрес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

Орусияда тажик дарыгерлери жогорку квалификациясына карабай, бейтаптардын ксенофобиясына туш болуп жатканын айтышууда.

12 жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн тажикстандык Фаридун аттуу дарыгер улутуна байланыштуу жектелип, бейтаптар андан дарылануудан баш тартып жатканын билдирди. Мигранттарга карата мамиле Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” концерттик залында болгон теракттан кийин начарлап кеткен. Кол салууга негизинен тажикстандык жарандар айыпталып жатат.

"Орус дарыгери жокпу? Мен орус эмес дарыгерге кайрылгым келбейт", деп сураган бейтаптардын үнүн жүз жолу уктум” – деди ал. – Бизди мурда эле анча жактырбагандар “Крокустагы” окуядан кийин такыр эле жек көрө башташты”.

Белгилүү тажик дарыгери, Москва өкмөтүнүн алдындагы улуттар иштери боюнча кеңештин мүчөсү Абдулло Давлатов Орусияда ксенофобиянын мындай учурлары сейрек деп эсептейт.

«Жеке өзүм начар мамилеге туш болгон эмесмин. Москвадагы башка мекендештерибизден да мыйзам бузуулар же аларга карата начар мамиле тууралуу уккан эмесмин. Антсе да интернетте биздин мекендештерге же башка орус эместерге карата орой мамиле тууралуу билдирүүлөрдү көрүүгө болот», - деп белгилейт ал.

Фаридун болсо Орусияда мамлекет медициналык кадрларга муктаж болгондуктан гана «орус эмес» дарыгерлерди кабыл алып жатышат деп эсептейт.

Орусиядагы тажик дарыгерлеринин так саны белгисиз. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы эле Тажикстандан бир жарым миңдей медицина кызматкери, анын ичинде 1180ден ашуун медайым Орусияга көчүп кеткен.

Мигранты закрывают кафе и рестораны в России: много проверок после теракта, а поток клиентов упал
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

XS
SM
MD
LG