Ссылки доступа

Казакстанда студенттер президенттик шайлоодо добуш берүүгө мажбурланууда (видео)


Студентов вуза в Казахстане заставляют идти на избирательный участок на выборах президента
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Астанадагы Евразия университетинин студенттери алдыдагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө мажбурланып жатат. Бул тууралуу "Настоящее Время" телеканалы кабарлады.

Соцтармактарга окутуучулардын бири жатаканадагы студенттерден 20-ноябрда шайлоо тилкелерине келүүнү талап кылып жатканы тартылган видеотасма жарыяланды.

"Ал күнү эртең мененки жетиден кечки сегизге чейин шайлоо болот. Араңарда балким "келбейм", "катышкым келген жок" деп айткандар болушу мүмкүн. Андайлар болбошу керек!", – деген мугалим.

Видеодо ал кайсы бир талапкерге добуш берүүгө үгүттөгөн эмес, бирок студенттерден жатакана имаратында уюштурула турган шайлоо тилкесине келүүнү талап кылган.

Казакстандын Билим берүү министрлиги өлкөдөгү университеттер толук өз алдынча экенин жана бул сыяктуу маселелерди өздөрү чечиши керектигин билдирди. Студенттик акыйкатчы Айсулу Ерниязова соцтармактарга жарыяланган видеону университеттин жетекчилиги менен талкуулаганын айтты.

"Окуу жайдын жетекчилиги да айрым кызматкерлеринин мындай "демилгесине" терс көз карашта экенин билдирди. Ошол эле маалда ал кызматкерлерине студенттердин укуктары бузулбашы керектигин дагы бир жолу эскертип, бул маселе жеке көзөмөлүндө болорун айтты", – деди Ерниязова.

Жарандык активист Альнур Ильяшев Казакстанда студенттерди үгүт иш-чараларына катыштыруу көнүмүш адатка айланган деп эсептейт. Анын айтымында, көпчүлүк учурларда студенттерди мамлекеттик органдар уюштурган патриоттук акцияларга массовка катары тартып, баш тарткандарды сынактарды тапшырууда же жатаканада маселе болорун айтып коркутушат.

Казакстанда студенттер патриоттук акцияларга гана тартылбайт. 2019-жылы мартта баш калаанын аталышын Нур-Султан деп өзгөртүүгө каршы чыккан акция катышуучуларынын кармалышын чагылдырып жаткан "Азаттыктын" казак кызматы менен "Настоящее Время" телеканалынын журналисттерине болжолдуу түрдө студенттер тоскоолдук кылышкан. Алар видеокамералардын объективдерин кагаз менен жапкан. Полиция кызматкерлери алардын журналисттердин ишине тоскоолдук кылып жатканын көрүп, бирок эч кандай чара көргөн эмес.

XS
SM
MD
LG