Ссылки доступа

Тажикстандагы бир нече провайдер уюлдук байланыш жана интернет үчүн тарифтерди жогорулатты


Тажикстандагы айрым уюлдук компаниялардын абоненттери байланыш жана интернет үчүн тарифтер жогорулатылганын билдирүүдө.

"МегаФон -Тажикстандын" бир нече абоненти "Фейсбук" баракчаларына майдын башында алар уюлдук байланыш менен интернеттин баасы жогорулатылганы жөнүндө смс-билдирүүлөрдү алышканын жазышты.

"Бул компаниянын мен колдонуп жүргөн эки тарифи тең майдан тарта кымбаттады. Биринчи сим-картадагы 98 сомонилик тариф 111 сомониге, экинчиси 64 сомониден 73 сомониге чейин кымбаттады. "МегаФон – Тажикстандан" электр энергиясы кымбаттаганына байланыштуу тарифтерди жогорулатууга аргасыз болушканын айтышты. Ошол эле маалда уюлдук байланыш менен интернеттин сапаты начар бойдон калууда", – деди журналист Шервон Умриддин.

"Озоди" радиосу 24-апрелде эле тарифтерди жогорулатуу маселеси боюнча "МегаФон – Тажикстан" компаниясына жазуу түрүндө суроолорду жөнөтүп, бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп келбегенин билдирүүдө.

25-апрелде компания өз сайтына билдирүү жарыялап, бааларды жогорулатуу аргасыз жасалган кадам экенин белгилеген. "Ар жылкы инфляция жана башка тышкы кызматтардын кымбатташына караганда уюлдук операторлордун тарифи сейрек өзгөрөт. Чет өлкөлөрдөн алып келине турган жабдуулардын баасы туруктуу түрдө өсүүдө. Операторлордун түйүндөрүн кубаттандырган электр энергиясынын тарифтери да жогорулап жатат. Мындан тышкары жабдуулар орнотула турган имараттар менен жер тилкелеринин ижарасы да көтөрүлүүдө. Компаниянын инфраструктураны тейлөөгө кеткен чыгымдары жыл сайын өсүп жатат", – деп жазылган билдирүүдө.

Компаниядан тарифтер көзөмөлдөөчү органдардын, биринчи кезекте Монополияга каршы кызматтын уруксаты менен жогорулатылганын белгилешкен.

Жыл башынан бери тажик өкмөтүнө караштуу Байланыш кызматы уюлдук байланыш менен интернетке тарифтерди жогорулатууга каршы экенин бир нече жолу билдирип, компанияларды мындай кадамга барбоого чакырган.

Быйыл январдын аягында Тажикстандагы "Мегафон", "Вавилон" жана Тcell уюлдук операторлору 1-февралдан тарта тарифтерин жана кызмат акыларын жогорулата тургандыктарын билдиришкен. Анда уюлдук операторлордун биринин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери бааларды жогорулатууга электр энергиясынын кымбаттаганы себеп болгонун билдирген. Тажикстанда 1-январда кезектеги жолу электр жарыгына тарифтер жогорулаган.

24-январда Байланыш кызматы билдирүү таратып, уюлдук операторлордун бул чечимин сынга алып, алардан мурдагы тарифтерди калтырууну талап кылган.

"Уюлдук операторлордун бул чечими байланыш кызматтарынын баасын төмөндөтүү боюнча жогорку жетекчиликтин максаттарына каршы келет. Абоненттерди СМС-билдирүүлөргө көңүл бурбоого жана тарифтерди мурдагы баалар менен колдонууну уланта берүүгө чакырабыз", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

25-январда үч уюлдук компания тең тарифтерди жогорулатуу ниетинен баш тартканын билдиришкен.

Байланыш кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстанда уюлдук операторлордун абоненттеринин жалпы саны 8,3 миллионго жетет. Алардын 6,4 миллиону активдүү колдонуучу.

XS
SM
MD
LG