Нетаньяху Иран коркунучуна каршы туруу үчүн АКШны Израил менен биргеликте аскердик альянс түзүүгө чакырды. Ошондой эле ал Газа тилкесиндеги ХАМАС тобун тезирээк жок кылуу үчүн Вашингтондон Израилге бериле турган аскердик жардамды тездетүүнү өтүндү.
Нетаньяху өз сөзүн былтыр 7-октябрдагы ХАМАСтын Израилге кол салуусунан баштады. Жыйынга ХАМАСтын туткунунан бошотулган Ноа Аргамани, учурда туткунда жаткан башка израиль жана АКШ жарандарынын жакындары жана Израил армиясынын жоокерлери катышты.
Нетаньяху Израилдин ХАМАСка каршы согушу – цивилизация менен варварлыктын кагылышы экенин айтып, Израил, АКШ жана араб дүйнөсү үчүн терроризм коркунучу бар экенин белгиледи.
Израил премьер-министри Иранды радикал исламды кыймылдатып жаткан негизги күч деп атап, Иранга каршы туруу үчүн биргелешкен аскердик альянс түзүүгө чакырды. Ал Израилдин Бириккен Араб Эмираттары, Судан, Бахрейн жана Марокко менен мамилесин оңдоого багытталган АКШ башында турган Abraham Accords ("Авраам макулдашуусу") демилгесин эске салып, жаңы альянсты "Авраам альянсы" деп атоону сунуштады.
Нетаньяху ошондой эле согуштук аракеттер аяктагандан кийинки Газа тилкесинин келечеги жөнүндө өз оюу менен бөлүштү. Анын айтымында, Израил үчүн ХАМАСтын курал-жарагын таштап багынуусу жана бардык израил туткундарын кайтарып берүүсү маанилүү. "Газа тилкеси демилитаризация жана дерадикализация болушу керек. Ал жерде Израил менен тычтыкта жашоону каалаган палестин жарандык администрациясы орнотулушу зарыл", – деди Нетаньяху.