Ссылки доступа

Улуу Британия Алишер Усмановдун холдингине каршы санкция салды


Улуу Британия өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун USM холдингине, орусиячыл украин саясатчысы Виктор Медведчуктун аялы Оксана Марченкого жана орусиялык олигархтар Владимир Евтушков менен Сулейман Керимовдун үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы санкцияларды киргизди.

Лондон USM холдингинин ээси Усманов орус бийлигин колдойт же андан пайда көрөт деп эсептейт. Мындан тышкары, компания тоо-кен өнөр жайы жана санариптик технологиялар боюнча Орусия үчүн стратегиялык бизнес менен алектенери белгиленген.

Путинге жакын деп сыпатталган Алишер Усманов Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмесине илинген.

Ноябрда Өзбекстандын өкмөтү Евробиримдиктен ага салынган санкцияларды алып салууну өтүнгөнүн Financial Times британ гезити жазган. Маалыматта санкциялар Усмановдун байлыгынын бир бөлүгүн Өзбекстанга инвестициялоо жана кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн чектегени белгиленген.

Улуу Британия буга чейин да Орусиялык ишканаларга жана жарандарга бир катар санкцияларды киргизген.

Мурдараак Канада да Орусияга каршы чектөөлөрдү узартканы белгилүү болгон. Санкцияга Орусиянын 14 жараны, 34 ишканасы, анын ичинде "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жана анын негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен байланышкан уюмдар да киргизилген.

XS
SM
MD
LG