Ссылки доступа

Эстонияда "СССР" деген жазуусу бар футболка кийип жүргөн тургунга 444 евро айып пул салынды


Эстониянын Нарва шаарында "СССР" деген жазуусу бар кызыл футболка кийип жүргөн тургунга 444 евро өлчөмүндө айып пул салынды.

Маалыматка караганда, ал мындай футболка менен 2022-жылы 9-майда Т-34 танкынын эстелигинин жанына барган. Тургун футболкасын полиция кызматкерлеринен жашырууга аракет кылгандыктан, жергиликтүү бийлик ал мындай белги түшүрүлгөн кийим менен жүрүүгө тыюу салынганын билген деген жыйынтыкка келген.

Айып пул салуу тууралуу соттун чечими өткөн жылы ноябрда эле кабыл алынган. Бирок ал мыйзамдуу күчүнө быйыл 6-апрелде, Мамлекеттик сот 61 жаштагы тургундун кассациялык арызын кабыл алуудан баш тарткандан кийин күчүнө кирген.

"9-майда мындай футболканы кийип чыгуу – түздөн-түз эл аралык кылмыштарды актоого байланышкан чагымчылдык болуп эсептелет жана анын согушта каза болгондорду эскерүүгө эч кандай тиешеси жок", – деп жазылган полициянын билдирүүсүндө.

Иштин материалдарына караганда, айыпталуучу сотто Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдой турганын ырастаган.

Сот чечимине ылайык, Нарва шаарынын тургуну айып пулду жарым жылдын ичинде айына 74 евродон төлөп кутулса болот.

XS
SM
MD
LG