Ссылки доступа

НАТОнун башкы катчысы: Украинадагы согуштун аякташы өндүрүшкө байланыштуу болот


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг батыш өлкөлөрү Украинада узакка созула турган согушка даярданышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Ал азырынча Украинадагы согушту токтотуунун келечеги байкалбаганын белгилеп, батыш өлкөлөрүн Киевге курал-жарак жана ок-дары берүү үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарын жогорулатууга чакырды.

"Азыр ок-дары өндүрүлүп жаткандан кыйла көп сарпталууда. Ошондуктан батыш өлкөлөрү, биринчи кезекте АКШ, Улуу Британия, Франция жана Германия Украинаны дагы узак убакыт ок-дары жана согуштук техникалардын тетиктери менен камсыздоого даяр болушу керек", – деди Столтенберг.

Анын айтымында, бул согуштун жыйынтыгы "индустриалдык кубаттуулуктардын атаандаштыгына жана узак убакыт бою колдоо көрсөтүү жөндөмдүүгүнө" жараша болот.

Ал арада The Washington Post гезити АКШ баштаган өлкөлөрдүн колдоосуна карабастан, Украинага дале болсо курал-жарак жана аскердик күч жетпей жатканын жазды.

"Убакыт Орусия тарапта экени ачык көрүнүп турат. Кеңири фронтто узак убакыт согуштуу улантуу үчүн анын аскерлери жана материалдык ресурстары бар. Украинанын мындай артыкчылыктары жок. Эгер курал-жарак тез-тез жеткирилбесе, Киев үчүн каршылык көрсөтүү өтө оор болот", – деген басылмага маек берген Атлантикалык кеңештин талдоочусу Рэйчел Риццо.

Гезиттин маалыматына караганда, курал-жарак жеткирүүнүн кечиктирилгенинен тышкары Украина сурап келаткан согуштук учактар, узак аралыкка жете турган реактивдүү артиллерия жана снаряддар берилбей жатканы да көйгөй жаратууда.

Апта башында Европа биримдигине мүчө өлкөлөр жакынкы 12 айдын ичинде Украинага 1 миллион даана артиллериялык снаряд берүү чечимин кабыл алышты. Мындан тышкары АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 350 миллион долларга кезектеги аскердик жардамын жөнөтөрүн билдирди. Ага HIMARS системаларынын, гаубицалардын жана танкка каршы куралдардын снаряддары кирет.

XS
SM
MD
LG