Ссылки доступа

Германия ТИМ башчысы: АКШнын ракеталарын жайгаштыруу Путинди "ооздуктоого" жардам берет


Анналена Бербок
Анналена Бербок

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Bild am Sonntag гезитине АКШнын алыс аралыкка учуучу ракеталарын Германияда жайгаштырууну пландаштыруу Орусиянын президенти Владимир Путинди ооздуктоо үчүн зарыл экенин билдирди.

Министрдин белгилешинче, азыр Берлиндин ЕБ менен НАТОнун алкагында, ошондой эле улуттук деңгээлде өзүнүн коопсуздугуна жана күчүнө инвестиция жумшап жатканы – Германияны коргой турган чаралар. Бул чаралар Американын алыска атуучу куралдарын Германияда жайгаштыруу чечимин камтыйт.

Анын айтымында, Германия орус агрессиясына каршы “ишенимдүү тоскоолдук” түзүүсү керек. Анналена Бербок белгилегендей, мындай кадамдар "Орусия менен түздөн-түз чектеш жана акыркы айларда гибриддик чек ара чараларынын жарылуучу таасирине дуушар болгон Польшаны, Балтика өлкөлөрүн жана Финляндияны да коргошу керек”.

Июль айында Вашингтондо өткөн НАТОнун саммитинде АКШ менен Германия Германиянын аймагына америкалык алыс аралыкка атуучу ракеталар жөнөтүлөрүн жарыялашты. 2026-жылдан баштап Америка Кошмо Штаттары Германияда SM-6 зениттик ракеталарын, “Томагавк” канаттуу ракеталарын жана гиперүндүү куралдын эксперименталдык системаларын жайгаштырууну пландап жатат.

Орусия президенти Владимир Путин 28-июлда Санкт-Петербургда Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата өткөн иш-чарада сөз сүйлөп жатып, эгер Германияда Орусиянын аймагына сокку урууга жөндөмдүү америкалык ракеталык системалар жайгашса, Москва орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштырарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG